Марал Радиосу

Медициналык бет калкандын үлгүлөрү 3D-принтер менен басылып чыкты

Медициналык кызматкерлерге COVID-19 вирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө көмөктөшүү максатында Бишкектеги Америка борборунун «Maker Space» лабораториясынын кызматкерлери АКШ өкмөтүнүн программаларынын бүтүрүүчүлөрү менен биргелешип медициналык коргонуу шаймандарды чыгарыш үчүн 3D-принтерди колдонушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады.

Бет калкан жана беткаптын алгачкы прототиптери учурда дарыгерлер тобу тарабынан тешерилип жатат.

3D-принтер менен басылып чыккан үлгүлөр бекитилгенден кийин, алар жеке коргонуу шаймандарды жергиликтүү ооруканаларга берүүнү пландап жатышат.