Марал Радиосу

Президент Саламаттыкты сактоо министрин кызматынан бошотту

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы министрдин ишин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сынга алып, коронавируска каршы күрөшүүдө натыйжалуу аракеттер көрүлгөн эместигин айткан.