Марал Радиосу

Ысык-Көл: Коронавируска карата берилген обсервация имаратынын айнегин талкалап кетишти

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылында белгисиз бирөөлөр коронавируска шектелгендер жаткырылган обсервация имаратынын айнегин талкалап кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, обсервация балдарга билим берүү борборунун эски имаратында жайгашкан. Ал жакта 96 киши жатат.

Учурда милиция айнек сындыргандарды издеп жатат.