Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков министрге: Мен январда айткам, даярдангыла деп… (видео)

Видео , Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 35614 | 16

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды. Ошондой эле медиктерди жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштери сынга алынды.

«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

16 пикир

16 пикир

  1. Бактыгул

    31.03.2020 19:53

    Жумушунан алып салгыла жооп керчилиги жок адамды

  2. Мария

    31.03.2020 20:04

    Мучулуштукту качанкыга чейин кетире беришет булар айтынызчы ? Президентин берген тапшырмасы чабандыкынан да алсызбы???

  3. Гуля

    31.03.2020 20:08

    Космосбектин башы иштебейт,президентти да жаман созго калтырат.Аны тез арада жумуштан алып,камака алыш керек.Элдин тагдыры менен ойношкондугу учун.Боронов да президентти уят кылат коросунор,иш билбейт.

  4. Гуля

    31.03.2020 20:13

    Мучулуштук кетирдик деп оз мойнуна алып жатат акмак.Урматуу президент ушундай акылы жок кадрлардын бизге да сизге да кереги жок.Камап салын.Азыр эле айтканынызды угат деп ишенип жатасызбы?С.Жээнбеков бул кишиден башка жокпу?бар.Алардын башы иштейт колунан жумуш келет акчалары жок бийлике келгенге.

  5. Мойдин

    31.03.2020 20:16

    Космосбек мырза элди эле эмес призеденти да алдап жатат. Акыры эмне менен бүтөт экен бир кудай билет. Кыргызстан эсен болсун.

  6. Гуля

    31.03.2020 20:18

    МИЛИЦИЯЛАРДЫН ЖАНА МЕДИКТЕРДИН АЙЛЫГЫН 1000$ ГО КОТОРУП КОЮНУЗ,ЭЛ РААЗЫ БОЛОТ.ДЕПУТАТАРДЫН АЙЛЫГЫН 15000СОМ КЫЛЫНЫЗ,БУЛАРДЫН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КОП.

  7. Бейше

    31.03.2020 21:04

    Саламаттыкты сактоо министрлигине өтө жооптуу, уюштургуч жана ыкчам аракеттерди жасай ала турган, алдын-ала көрөгөчтүк менен иш алып бара ала турган адамды коюш керек эле. Бизден мүчүлүштүктөр кетип калыптыр, туура айтасыз деп 3 айдан бери жарытылуу иш алып баралбай отургандарды эмес,Калдарбек Абдыраманов сыяктуу медикти койсоңуздар жаңылбас элеңиздер.

  8. Тим

    31.03.2020 21:08

    Бул тоготпостук ,генебестик космоско жуктуруш керек карано вирусту ошондо билет

  9. Гуля

    31.03.2020 23:15

    Тоо кыядан откон сон кылычынды бокко чап болгон биздин Эл башчысы Короновирус чыккандан кийин Аалымдар кенешине жана Дин башкармалыгына , даабатчыларды Умраларды жибербегиле деп эмнеге айтып койгон жок экен, ощолрдун жоопкерсиздигинин айынан жалпы эл журтубузга мушкул иш тушту, эн биринчи Окмот ушул иштерди жонго салыш керек болчу, азыр карантинде эл журт кандай гана кыйналып отурушат, жегенге наны жоктор бар, ар турдуу оор абалдагы оорулу адамдар бвр, канчалаган коп балалуу оз азабын озу жеп келген аялуу катмардагы жарандарыбыз бар, ошолордун кызыкчылыгын эмнеге ойлогон жок экен, 3 февральда эле официально Короновирусту чыгаргандан кийин эмнеге жиберишет Умрага , чет мамлекеттерге жугуштуу ооруну ташытып

  10. Назгүл

    31.03.2020 23:56

    Урматту Сооронбай Шарипович !!!Сизге кайрылуумдун себеби,Сиз сүйлөшүп жаткандар Медициналык министирлер айтканыңызды орду менен толук кандуу алпарышпагандын кесепетинен эмне жыйынтык келип чыкты…Жалдырап сурангым келет.Чынымды айтсам ыйлагым да келип жатат жагдайды көрүп турасыз.Катуу көзкөзөгө алууңузду өтүнөм !!!Биз сиздерге ишенчүбүз эми ишеничтен такыр тычып баратасыздар.МИҢ МЕРТЕБЕ СУРАНЫЧ СИЗГЕ ИШЕНЕЛИК .АЙТКАН СӨЗДӨРДҮ АЛБЕТТЕ ОКУП КОЮҢУЗДУ ӨТҮНӨМ!!!

  11. Супабаев Уланбек

    01.04.2020 03:31

    Медицина кызматкерлеринин айлыгын которобуз дегени жакшы бирок айлык акысын котороондо жалгыз гана врачтар эмес медсертралардын да айлыгын которгуло жумуштун кобун медсестралар кылат сыйлыкты акчаны врачтар алат

  12. Улан Супабаев

    01.04.2020 03:32

    Буга окшогон министрди жоопко тартыш керек

  13. Ким

    01.04.2020 04:24

    Калп айткан министрлерди со тонуз

  14. Мухабаткан

    01.04.2020 09:26

    Урматтуу президенибиз эл башына иш тушкондо ,озуно куч келгенде кайдыгерликти,жоопкерчиликсиздикти оз жон териси менен сезип саламаттыкты сактоо минстрине капа болуп отурат.»Кара эчкиге жан кайгы,касапчыга мал кайгы «-дегендей, элдин ар биринин ден соолугу маанилуу учурда балки туура корбостурсуздор. Бардыгын айтуудан алысмын ,бирок билим беруу багыты да30 жылдан бери ушул абалда калган.Билим беруу сапатсыз болсо,сапатсыз(билими) кадырлар чыгып,элдин шору болууда.Мындан ары да тез аракеттенуу зарыл ,билим берууну ЖОЖдон эмес,бала бакча менен мектептен баштап колго алуу зарыл учур.Кесипкой,оз ишине жоопкерчиликтуу кадырлар аба менен суудай керек учур.

  15. Абдыкалык

    01.04.2020 09:37

    Жумушунан шыпырып тушуш керек болчу

  16. Ысык - Кол тургуну

    01.04.2020 12:57

    январда эле билишиптир ,эмне учун чет жакага авиа билеттерди саттырбай,четтен келтирбей границаларды жаап , келгендерди 14,20кунго абсервацияга жаткырууну талап кылган эмес.айыл фабдарында дары ,дармектер жетишсиз,врачтарга спец кийимдери жок,ушул чараларды январдан бери козомолго алышса мынчалык дурболонго тушпойт элек да

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM