Марал Радиосу

Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38 млн сому медицина кызматкерлерине которулат

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат.  Бул чечимди коронавирус инфекциясын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алды.

Бүгүн, 31-март саат 14:30га карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 млн 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-мартындагы буйругуна ылайык Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган.

COVID-19 боюнча иш-чараларды максималдуу ачык-айкын каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында Өкмөтүнүн жогорудагы буйругунун негизинде жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү иретинде түшкөн акча каражаттарын, ошондой келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын чечимдери жөнүндө коомчулукка туруктуу негизде маалымдалып турат.

Exit mobile version