Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 871 | 1

Араван Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшери, 1978-жылы туулган Гульнарахон Абдулкасымованын жалган маалымат тараткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча Абдулкасымова соцтармактар аркылуу Эрке-Кашка айылынын Тепе-Коргон айыл аймагында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган адам менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалай

    31.03.2020 21:49

    Мындай элге жалган маалыматтарды таркаткандарды камаш керек же штрафты кобойтуу зарыл ушулардын аркасынан элдер дурболонго тушуп жатышат

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM