Марал Радиосу

Орусиянын 20 регионунда өз алдынча изоляциялануу режими киргизилди

Орусиянын 20 регионунда коронавирус инфекциясына байланыштуу өз алдынча изоляциялануу режими жарыяланды. Бул тууралуу стопкоронавирус.рф сайты билдирди. Орусиялыктар режимдин алкагында үйлөрүнөн төмөнку учурларда гана чыга алышат: медициналык тез жардам алуу үчүн; жумушка баруу үчүн; дүкөндөргө жана аптекаларга баруу үчүн; үй жаныбарларын жашаган жеринен 100 метр алыстыкта сейилдетүүгө уруксат берилет.