Марал Радиосу

Коопсуздук кеңеш коронавирусту токтотуу чараларын күчөтүүнү карады

Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан жабыркаган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы алдын алуу, коргонуу чараларын көрүп жатканын белгиледи.

Президент бүт дүйнө өлкөлөрүндөй эле, тилекке каршы, Кыргызстан дагы экономикалык жактан жабыркап жатканын белгиледи.

Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы билдиргендей, антикризистик план иштелип чыкты. Анын негизги багыттарынын бири — калктын аярлуу катмарына, жумушсуз калгандарга, тамак-ашка муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүү.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы ушул оору менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган медиктерге бардык жагынан колдоону күчөтүү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Exit mobile version