Марал Радиосу

Бишкек комендатурасы кошумча чектөөлөрдү киргизди (тизме)

Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду:

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары Өзгөчө абал учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлсүн.