Марал Радиосу

Италияда акыркы суткада коронавирустан 756 адам көз жумду

Италияда SARS-CoV-2 вирусун жуктургандардын санынын өсүшү азая түштү. 29-март, дем алыш күнү 5217 жаңы жагдай катталган. Өлкө боюнча вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 97689 адамды түздү. Бул 25-марттан берки эң төмөнку көрсөткүч. COVID-19дан бүгүнкү күнгө карата 10779 адам каза болгон. Бир күндүн 756 коронавирус илдетин жугузуп алган адамдар өмүрлөрү менен кош айтышты.