Марал Радиосу

Трамп: АКШда коронавирустан 100 миң адам өлөт

АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, коронавирус АКШ жашоочуларынын 100 миңинин өмүрүн алып кетет. “Бул дагы инфекция менен күрөшүүдө бийликтегилердин аракети ийгиликтүү болсо” деп эсептейт ал. Чындыгында, бул сан өтө эле “коркунучтуу” сан.

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирустун таралышына байланыштуу киргизилген эрежелердин аракетин илдеттин таралуусун басаңдатуу үчүн 30-апрелге чейин узартты. Трамптын айтымында, божомолдор боюнча АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки жумадан кийин көбөйөт. Учурда АКШ дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу коронавирусту жуктургандардын саны боюнча тизменин сап башына чыкты. Кечээки маалыматтарга караганда, 140 миң ооруну жуктуруп алган жагдайлар катталган. Учурда 2400дөн ашуун америкалыктар өмүрлөрү менен кош айтышкан.