Марал Радиосу

Өзбекстанда 10 миң адамга ылайыкталган карантиндик зона 4 күндө пайдаланууга берилди (фото)

Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдарды карантинге алуу үчүн атайын 10 миң кишилик обьектинин курулушу 4 күндө аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, карантиндик обьект контейнерлерден, ыкчам курулуш каражаттарынын негизинде салынууда. Курулуш Ташкент облусунун Ортосай аймагында жайгашкан. Бул карантиндик аймак жалпы 10 миң адамды бир убакытта кабыл алууга ылайыкталган. Учурда обьектинин 2 бөлүгү бүтүп, анда карантинге алынган 1300 адам жайгаштырылган.

Аталган курулуш жалпы 55 гектар аймакты ээлейт. Эгер зарылчылык пайда болсо аны эки эсе кеңейтүү үчүн бардык шарттар каралганы айтылат. Бул карантиндик аймакты куруу демилгеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык, деп жазылат маалыматта.

Exit mobile version