Марал Радиосу

Москвадан 402 жаран чартердик рейс менен алынып келинди

«Манас» эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-мартында Россиянын Москва шаарынан «Аэрофлот» авиакаттамынын чартердик рейси менен 402 кыргызстандык жарандар кайтып келишти. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Москванын Шереметьево аэропортунда калган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди. Авиа жүргүнчүлөр менен катнашты азайтуу максатында аэропортто рейсти тосуу перрондо уюштурулду.

Орусияда 27-марттан эл аралык авиакаттамдар токтотулган.

Төмөндө мекендештер ыраазычылык билдирген видеосуна күбө боло аласыздар: