Марал Радиосу

Коронавирустан каза болгондор кантип жерге берилет? (Чубак ажы жооп берет)

Коронавирустан каза тапкандар Ислам дининин шартында кантип жерге берилет? Мындай суроо Чубак ажы Жалиловго «Марал» радиосундагы «Ааалымдан асыл жооп» программасынын алкагында берилди.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бул тууралуу төмөндөгүдөй жооп берди:

«Негизи Кудай сактасын! Бул жаман илдет эч кимдин өмүрүн албасын. Бирок, эгер биздин өлкөдө ушундай бир кырдаал катталып калса, ага азыр Аалымдар кеңешинин фатвасы даяр. Биз бул маселеде Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка аалымдары менен да кеңештик. Ага ылайык, эгер коронавирустан каза тапкан учур катталса, анда сөөктү дарыгерлер жууп берет. Эгер үйдөн жакындары жууш керек болсо, анда дарыгерлердин көрсөтмөсү менен, коргоочу кийим кийип, сууну сөөккө колду тийгизбей, чачып жууйт. Анда да болбойт десе, кургак таяммум жасалат. Эгер дарыгерлер такыр болбойт деген чечим чыгарса, анда сууга алынбай эле жерге берилет»

Exit mobile version