Нарын облусунун Нарын шаарында коронавирус боюнча алгачкы жагдай катталды.
29-мартка карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, вирус менен катталгандардын жалпы саны 84кө жетти.
Коронавирус боюнча аймактардагы жалпы көрсөткүч:
- Ош облусунда – 33 учур;
- Жалал-Абад облусунда – 39 учур;
- Бишкекте – 7 учур;
- Чүй облусунда – 3 учур;
- Баткен облусунда – 1 учур;
- Нарын облусунда – 1 учур.
Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы жагдай 18-мартта катталган.