Бишкек шаарында медициналык кызматкерлерди транспорт менен камсыз кылууга 350 унаа тартылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
29-мартка карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, вирус менен катталгандардын жалпы саны 84кө жетти.