Марал Радиосу

Коронавирус: Ирландия

Ирландия бийлиги жарандарын үйдөн чыгуусуна тыюу салды. Жаңы эрежелер 12-апрелге чейин сакталат. Ирландиялыктарга ишке, азык-түлүк алуу үчүн жана догдурга көрүнүү үчүн барууга уруксат берилген. Ошондой эле үйүнөн алыс эмес жерлерде спорт менен машыгууга да уруксат берилген. Бирок үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдарга зыярат кылууга толук тыюу салган. Расмий маалыматтар боюнча Ирландияда 2121 адам коронавирус илдетин жуктуруп алышкан. Алардын 22си оорудан көз жумган.