Марал Радиосу

УКМК: Фейк маалыматтарды тараткан сайт аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдө коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернетт айдыңында мониторинг жана анализ иштерин жүргүзүүдө. Анын натыйжасында 2020-жылдын 25-мартында чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап тараткан «The Asia Times» маалыматтык сайты аныкталды.

Такталган маалымат боюнча аталган сайт, «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталыштагы жалган маалыматты таркатып, калк арасында дүрбөлөң салган маанайды жараткан.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.


Worldometer: Коронавирус менен дүйнөдө 532 миң адам ооруп жатат