Марал Радиосу

Ангела Меркель: Өлкөдө карантиндик эрежелерди алып салууга эртелик кылат

Германия канцлери Ангела Меркель өлкөнүн жашоочуларын сабырдуулукка чакырды. Анын айтымында, карантиндик эрежелерди алып салуу же аны жеңилдетүү тууралуу кеп козгоо эртелик кылат. Учурда өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны ар 4-5 күндө эки эсеге көбөйүп жатат.