Марал Радиосу

Улуу Британияда коронавирусту аныктоо үчүн иттер машыктырылып жатат

Улуу Британияда иттерди жыттоо аркылуу коронавирусту аныктаганга үйрөтүп жатышат. Иттер алты жумалык курстан өткөрүлгөн.

Алар коронавирус менен ооруган пациенттерге тиешелүү жыт аркылуу короновирус жуктурган жаңы учурларды аныктаганга үйрөтүлгөн. Ошондой эле, британиялыктар иттерди рак жана кант диабети менен ооруган адамдарды да аныктаганга машыктырып жатышат.