Марал Радиосу

Франция аскерлерин Ирактан чыгарып кетет

Франция коронавирустун айынан Ирактагы аскерлерин чыгарып кетет. Мындай чечим “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшкөн эл аралык коалиция ирак армиясын үйрөтүүчү программаларын токтоткондон кийин кабыл алынды. 200гө жакын француз аскер кызматкерлери жакынкы күндөрү үйлөрүнө кайтышат.