Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн баштап жарандар 3 себеп менен гана сыртка чыга алат

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 8268 | 1

Бүгүн, 25-март саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында, Ош облусунун Ош шаарында, Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилет. Мындай аракет коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатын көздөйт.

Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
 Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
 Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
 Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.
Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?


Өзгөчө абал киргизилген мезгилдеги талаптар, эрежелер кандай? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM