Бүгүн, 25-март саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында, Ош облусунун Ош шаарында, Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилет. Мындай аракет коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатын көздөйт.
Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
✔ Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
✔ Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
✔ Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.
Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.
Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?