Марал Радиосу

Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз алдынча чыгып кетти деген маалымат калп

“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз алдынча чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-мартта аэропорттун маалымат кызматы таратты.

Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн. 2020-жылдын 22-мартына чейин коронавирусун жуктургандардын саны 1000ден аз болгон, эпидемиологиялык абалы жагымдуу өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген болчу

Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө.