Марал Радиосу

Коронавирус жуктургандардын арасында наристе да бар

Кыргызстанда коронавирус 1 жашка чыга элек наристеге да жукту. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анда 24-мартка карата 26 жаранга вирус жукканы маалым болду.

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Эскерте кетсек, Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар аймагында жана Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилди. Бул чараны өлкө боюнча кабыл алуу маселесин Жогорку Кеңеш 24-мартта 15:00дө карай турган болду.