Марал Радиосу

Коронавирус: Билим берүү министрлигинин кызматкерлери акча которушат

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү үчүн которушат.

Мекеменин жетекчиси Каныбек Исаков коронавирустун жайылышына жол бербөө максатындагы иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке министрликтин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которууну сунуштап, жамаат аны колдогон.

Кыргызстандагы жогорку жана атайын орто окуу жайлары бул илдеттин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп жатат жана атайын эсепке салым кошуу боюнча өз демилгелерин көрсөтүшүүдө.

Кыргызстанда коронавирус илдети менен 16 киши катталды. Өлкөдө 25-марттан тарта «өзгөчө абал» режими жарыяланат.