Марал Радиосу

Бишкекте жылуулук кайра берилет

Бүгүн, 24-марттан тарта Бишкекте жылуулук кайра бериле баштайт. Бул тууралуу маалымат мэриянын твиттердеги баракчасына жазылды.

Мындай чечим аба ырайынын суукташынан улам кабыл алынган.

Бишкекте жылуулук берүү 19-мартта токтотулган. Бүгүн Бишкекте абанын температурасы 11 градус жылуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-26-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун кабарлаган.

25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.