Марал Радиосу

Өкмөт: Пенсия, жөлөкпул, маяналар өз убагында төлөнөт

Өкмөт бюджеттик мекеменин кызматкерлерине айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында берилерин убада кылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өкмөттө өткөн брифингде өлкөнүн вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет, — деди Эркин Асырандиев.