Марал Радиосу

Кой-Таш окуясы: Атамбаев сотко алынып келинди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди.

Бул иште Атамбаев баш болгон 14 киши айыпталып жатат.

Соттун имаратында айыпталуучулардын жакындары жыйналып, колдоо көрсөтүп турушат. Соттук процесске Марат Сыдыков судьялык кылууда. Отурум жабык өтөт.