Марал Радиосу

Кыргызстандын аймагына “өзгөчө кырдаал” режими кирди

People with protective suits and mask respirators outdoors, coronavirus concept.

Өкмөт Кыргызстандын аймагына “өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы 21-мартта кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Планда борбор шаарда жана облустарда блокпостторду жайгаштыруу тууралуу маалыматтар белгиленип, күнүмдүк керектөө товарларын жана дары-дармектерди жеткирүү маршруттары, өлкө ичинде аба каттамдарын ишке ашыруу, коомдук унаалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөө тартиби аныкталган. Ар бир жетекчи режимди кынтыксыз аткарууга жана бардык тартылган кызматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого жеке жоопкерчиликти алат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына да, биринчи кезекте алардын калкты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ишине тийиштүү. Чет жактан товарларды ташуу боюнча бизде эч кандай маселе жок, ошондуктан жарандар эч жерде тигил же бул азык-түлүктүн жана дары-дармектин тартыштыгына кабылбашы керек, — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле вируска чалдыккандар аныкталган райондорго өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Кеңешме учурунда бардык бейтаптарды кабыл алууга жетиштүү орундарды, 20 мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарган экспресс-тесттерди камсыздоо чараларын көрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 12 кишиге жетти.