Марал Радиосу

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтү жылдырылат

Ушул жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун күнү жылдырылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы жыйынында кабыл алынды.

22-мартта тарта жалпы өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгендиктен 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда коронавирустун алдын алуу, жайылышына жол бербөө, экономикалык залакаларын чектөө маселелери талкууланды.

Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында болмок, ал эми 12-апрелде 25 айыл өкмөтү шайланмак.

Шаардык кеңештин депутаттык мандаты үчүн ат салышууга 22 партия ниетин билдирген.