Марал Радиосу

Президент чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана атамекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралып жатат.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус менен күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдерин ишке ашыруу жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулууда.