Кыргызстанда бүгүн, 21-мартка карата коронавирус жуктурган дагы 6 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун Төлө Исаков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Анын бири Баткен районунда жана 5 учур Жалал-Абаддын Сузак райондорунда аныкталды.
Ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.