Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12ге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Исаковдун берген маалыматы боюнча, 21.03.2020-жылы эртең мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 12 адам. Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.

Учурда бейтаптар изоляцияланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.