Марал Радиосу

Коронавируска күрөшүү боюнча Ыкчам IT штаб түзүлдү

People with protective suits and mask respirators outdoors, coronavirus concept.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкөнүн IT коомчулугу менен биргеликте коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын ишин колдоп, ыкчам IT штаб түзүүнү демилгеледи.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан маалымдады.

Ыкчам IT штаб өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына өбөлгө түзгөн тез жана иштиктүү ар кандай IT чечимдерди жаратууда Өкмөткө жардам берет. Ошондой эле, социалдык демилгелерди көтөргөн жеке түзүмдөр менен уюмдарга дагы көмөктөшөт.