Марал Радиосу

Өзбекстанда “үйлөрдү дезинфекциялайбыз” деп алдагандар көбөйдү

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги “батирлерди коронавирустан дезинфекциялайбыз” деген шылтоо менен алдамчылар жүргөнүн эскертти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар порталы жазды.

ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар калктын аярлуу катмарын – карыган кишилер менен балдарды бутага алууда.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды үйгө дезинфекция шылтоосу менен келген чоочун кишилерди киргизбөөгө чакырууда.

«Эгер сиздерге ушундай талап менен келишсе, токтоосуз түрдө «102» кыска номуруна же профилактика инспекторлоруңузга чалыңыздар», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 23кө жетти.