Марал Радиосу

Ноокатта коронавирус жуктурган жарандардын жаш курагы айтылды

Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус илдетине чалдыккандардын үчөө тең аял. Алар 67, 71 жана 77 жашта. Бул тууралуу Өкмөттөгү коронавируска каршы күрөшүү штабынан билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта эртең менен Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы 3 жаран катталганын айткан. Учурда алар изоляцияланып, тиешелүү дарылануу алып жатат. Алар Умра сапарына барышып, Кувейт өлкөсүнөн учуп келишкени айтылат.

Муну менен Кыргызстанда бул жугуштуу илдетке чалдыккандар 6 адам болду.

Буга чейин Умра сапарынан келишкен Жалал-Абаддын Сузак районунда 3 жарандан коронавирус илдетке чалдыкканы аныкталган.

Бул эми райондо чукул кырдаал режими киргизилген. Өкмөт кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып жатканын кабарлайт.