Марал Радиосу

Кыргызстанда бала бакчалар да карантинге жабылды

Кыргызстанда бүгүн, 20-марттан тарта бала бакчалар да карантинге жабылды. Мындай чечим Билим берүү жана илим министрлиги буйругу менен кабыл алынды. Ага ылайык, бала бакчалардын иши 8-апрелге чейин токтотулат. Бакчалар жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери, балдарды өнүктүрүү борборлору баары менчигинин түрүнө карабастан ишин убактылуу токтотот.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 16-марттан тарта мектептер жана окуу жайлар карантинге жабылган.