Марал Радиосу

Кыргызстанда жалпы 528 адам обсервацияда

Учурда Кыргызстанда 386 жаран обсервацияда. Мындан сырткары, коронавирус аныкталгандан кийин дагы 142 адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ошондой эле, коронавирус аныкталган 3 жарандын кай жактарга, кайсы унаалар менен келгени, кимдер менен байланышта болгондугу боюнча маршруттары түзүлүп, анын негизинде укук коргоо органдары бардык маалыматтарды тактоодо.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар — 3 киши, жаңы учур катталган жок.