Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 1311 | 0

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абаддагы бириккен ооруканада учурда алты киши жатат. Алардын үчөө коронавирус жуктургандар болсо, калган үчөөнүн дене табы көтөрүлүп, дарыланып жатышат.

Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген жарандардын баары толук табылды. Учакта бардыгы 144 киши болгон, алардын 142си учурда текшерилип, обсервацияга алынып, толук көзөмөлдө турат. 2 киши Өзбекстандын аймагына чыгып кеткен.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, келген адамдар жуктурган 3 киши кимдер менен жакын байланышта болгону аныкталып, такталып жатат.

Ошондой эле, лабораториялар 24 саат иштеп жатат. Тесттер жана реагенттер жетиштүү. Жалал- Абадда мобилдүү лаборатория коюу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 3 киши, жаңы учур катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM