Биз менен байланышыңыз

Ирандагы кыргызстандык жүк ташуучулар транзит аркылуу Кыргызстанга келет (видео)

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 691 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулар боюнча иш алып барууну улантууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова бүгүн билдирди.

Азербайжан, Орусия жана Казакстан тараптары менен келишимдин негизинде кыргызстандык жүк ташуучулар Азербайжандан Орусиянын аймагынан чыгып, андан ары транзит аркылуу Кыргызстанга кетүү үчүн Казакстанга жетишүүдө.

Кырдаал боюнча келип чыккан суроолор боюнча Орусиянын мамлекеттик органдары менен, анын ичинде жогорку деңгээлде өз ара аракеттенүүнү өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Ирандын аймагынан чыга албай жаткан кыргызстандык 62 айдоочу буга чейин өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошкон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM