Марал Радиосу

Өкмөт: 411,0 млн сомго 20 мин тонна ун сатып алуу сунушу парламентке киргизилди

Биз бардык жоопкерчиликти түшүнүү, тартипти жана өздүк гигиенаны сактоо менен гана коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду.

411,0 млн сомго 20 миң тонна ун сатып алуу тууралуу сунушу парламенттин кароосуна киргизилди. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 400 млн сом жана «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКлардан бирдей үлүштө бөлүнгөн 400 млн сом азык-түлүк менен камсыздоо жаатында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө багытталат.

Чек ара аркылуу жүк ташуу кадимки режимде ишке ашырылууда. Чек араларыбыз жабык болгон шартта да, жүк ташуу үчүн чектөөлөр болбошу керек. Ишкерлерди колдоонун маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ата мекендик бизнеске учурдагы шарттарды эске алуу менен колдоо көрсөтүүнүн таасирдүү механизмдерин сунуштоо кажет. Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд сомдон ашык салык түшпөй калды. Бирок бул калкыбыздын саламаттыгына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Биз бул нерседен өтүшүбүз керек. Өкмөт жарандардын алдында өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

-Тартип жана жоопкерчилик менен гана коронавируска каршы күрөштө жеңишке жетишүүгө болот. Башка элдер кандай чакырыктарга кабылганын жана бул сыноолорду кандай баа менен өтүп жатканын баарыңыздар көрдүңүздөр, — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр күндөп-түндөп нөөмөттө турган медицина, чек ара кызматкерлеринин жана башка кызматтардын адистеринин ишин өзгөчө белгиледи. Нускамалар боюнча аларга туугандары менен жолугууга тыюу салынган. Ошондуктан алар дагы изоляцияланган.