Биз менен байланышыңыз

19-марттан баштап билим жана илим каналында окуучулар үчүн видео сабактар көрсөтүлөт

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 2707 | 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Билим жана Илим каналы менен биргеликте видео сабактарды даярдап баштады.

Азыркы учурда Креатив-Таалим билим берүү комплексинин, Бишкектеги А. Молдокулов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын жана башка мектептердин мугалимдери видео сабактарга тартылып, телеберүү даярдалып жатат.

Сабактар 19-марттан баштап, ЭлТРдин Илим жана Билим каналы аркылуу эфирге берилет.

Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school/ сайтын сунуштайт.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиалык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Copyright © 2017 Maral FM