Марал Радиосу

Бүгүн Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат

Жылытуу мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарында жылуулук берүү бүгүн, 18-март түнкү саат 00:00дөн тарта токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка жакынкы убакта шаар жетекчиси кол коймокчу.

Эске салсак, Бишкек шаарына жылуулук 2019-жылдын 4-ноябрынан тарта бериле баштаган.