Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Жалал-Абадда оорулуу менен байланышта болгон 1100 адам такталып жатат

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 5454 | 1

Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен 8 кишинин үчөөнөн коронавирус чыккан. Ошол сегиз киши менен чогуу учуп келген рейстеги адамдардын 51и Жалал- Абад облусунун тургундары болуп, алар обсервацияга алынган. Учурда жакын байланышта болгон 1100 адам такталып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал- Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Учурда коронавируска кабылган үч кишинин абалы канаатандырарлык. Ооруну айыктырууга толук мүмкүнчүлүк бар , — деди Мирзахмедов.

Ошондой эле, бүгүнтөн баштап Сузак районундагы бардык коомдук жайлардын ишмердүүлүгүн жүргузүүгө тыюу салынарын билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM