Марал Радиосу

Билим берүү министрлиги окуучулар үчүн дистанттык окутууну уюштурат

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги окутуунун дистанттык түрү уюштурулуп жатат. Алар: онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабият китептери, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү.

Окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган. Бул окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

ЭлТРдин Илим жана Билим каналынан видеосабактар көрсөтүлөт. МТРК «ЭлТР»

Мынданы сырткары, каникул мезгилин натыйжалуу колдонуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги KSMS-Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен өнөктөштүктө мектептер менен окуучулардын онлайн аракеттенүүсү боюнча баштапкы форманы киргизип жатат. Онлайн ресурстарды колдонуу менен окуучулар окуу программасынан узак мөөнөткө алыстап кетпейт жана календардык-тематикалык пландан артта калбайт. Бул инструментти ар кайсы гаджеттерде колдонсо болот.