Марал Радиосу

Коронавирус аныкталгандар менен чогуу учкан 90 жаран обсервацияга алынды

Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келишкен 8 кишинин үчөөнөн коронавирустун чыкканы бүгүн, 18-мартта белгилүү болду. Ошол сегиз киши учуп келген рейстеги адамдардын тизмеси такталып, 90дон ашык адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Учурда ар биринен тест алынып, ошондой эле ар биринен сүйлөшүп, кайда барды, эмне кылды, ким менен байланышта болду, ошонун баары тастыкталып, бардык кызматтар изилдеп жатышат, — деди Чолпонбаев.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, коронавирус жуктургандардын бирөө 70 жашта, бирөө 62 жашта жана үчүнчүсү 46 жаштагы адамдар. Алардын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле, ал бүгүн республикалык штабдын жыйынында эпидемиологиялык аймак аныктала турганын айтып, ошонун негизинде эрежелерди киргизе турганын билдирди.

Коронавирус жуктурган Сузак районунун үч жараны 12-мартта Сауд Аравиясынан учуп келген.