Марал Радиосу

Кыргыз эл артисти Эгемберди Чалабаев күйөө балалуу болду

16-март күнү белгилүү актер жана режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Чалабаев кызы Эл-Айды  кыргыздын каада-салты менен турмуш жолуна узатты. Эл артистинин күйөө баласы  кино тармагында жүргөн  таланттуу актер жана шоумен Анвар Осмоналиев болду. Актер Анвар Осмоналиев «Асман алдында» тасмасында, орусиялык «Идентификация» сериалында роль жараткан.