Марал Радиосу

Өзбекстан жана Тажикстан аскерлери биргеликте машыгуу өткөрүштү

Өзбекстан жана Тажикстан аскерлери «Кызматташтык-2020» биргелешкен окуусун өткөрдү. Бул тууралуу өзбек агенттиги кабарлаган.

Биргелешкен тажик-өзбек атайын тактикалык антитеррордук окутуу Тажикстандын түндүгүндөгү «Фахробод» полигонунда өттү.

Окуу учурунда аларды Өзбекстан жана Тажикстандын коргоо министрлери Баходир Курбанов менен Шерали Мирзо көзөмөлдөп турду.

Аскерлер аба чалгынын жасашып, душманга каршы авиациялык сокку жасоого машыгышкан. Ошондой эле, аэропорт шартында куралдуу кылмышкер менен каршылашуу, учак бортундагы туткундарды бошотуу сыяктуу сценарийлер менен даярдык өткөрүштү.