Марал Радиосу

Президент Аксы окуясында каза болгондордун элесине арнап гүл койду (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында каза болгондордун элесине таазим кылды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.